> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Курулуш нормаларын бузган 44 компания кара тизмеге кирди
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/10/16/kurulush-normalaryn-buzina-44-kompaniia-kara-tizmieghie-kiurdi/
- Published: 2025-10-16T07:17:59.000Z
- Updated: 2025-10-16T07:19:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк

**Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба министерстрлиги курулуш мыйзамдарын бузган компаниялардын жаңы тизмесин жарыялады. Мекеменин кара тизмесине лицензиялык талаптарды жана курулуш нормаларын бузган 44 курулуш компаниясы кирген.**

**Маалыматка ылайык, компаниялар төмөндөгү:**

- курулуш-монтаж иштерин аткарууда лицензиялык талаптарды жана курулуш ченемдерин одоно бузуу;
- берилген лицензиянын шарттарын аткарбоо;
- мамлекеттик органдардын эскертүүлөрүнө жана көрсөтмөлөрүнө жооп бербөө;
- курулуш тармагындагы мыйзам бузуу фактыларынын кайталанышы сыяктуу нормаларды бузгандыгы үчүн аталган тизмеге киргизилген.

> Эми бул компаниялар эскертүү берилгенден кийин 90 күндүн ичинде кемчиликтерди жоюп, тиешелүү талаптарга жооп берген шартта гана кара тизмеден чыгарылат. Белгиленген мөөнөт ичинде талаптар аткарылбаса, компаниянын лицензиясын сот аркылуу жокко чыгаруу процесси жургүзүлөт.