> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Көл шаарында 5, 9 кабаттуу үйлөр курулат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/10/28/kara-kol-shaarynda-5-9-kabattuu-uilor-kurulat/
- Published: 2025-10-28T10:36:10.000Z
- Updated: 2025-10-28T10:36:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадга болгон иш сапарында кара-көлдүктөрдүн турак жай маселесин угуп, шаар аймагында 10 гектарды түзгөн жер аянты бар экенин, ал жерге ипотекалык үйлөрдү куруу ташырмасын тиешелүү жетекчилерге бергенин айтты.**

Мекемелердин чечимдерине жараша өлкө башчы айткан аймакка 9 кабаттуу же 5 кабаттуу турак жайлар курулат. 

“Курулуш иштерин жаздан тартып баштайбыз. Бир-эки жылдын ичинде тургундар үйлөрүнө көчүп киришет - деп белгиледи өлкө башчысы. Буга улай ал Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” турак жай комплексинде курулган 9 кабаттуу 12 үйдөгү 945 батир кезекке турган жарандарга тапшырыларын билдирди. 

29-октябрда болсо Таш-Көмүр шаарында 96 батирдин ачкычы жашоочуларга берилет. Буга чейин МИК Маликов жана Скрябин көчөлөрүндө курулган турак жайлардан 1059 батирди ээлерине берген болчу.