> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 35 млн сомго Россия-Кыргызстан биргелешкен мектеби курулат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/11/11/bishkiektie-35-mln-somgho-rossiia-kyrghyzstan-birghielieshkien-miektiebi-kurulat/
- Published: 2025-11-11T04:11:16.000Z
- Updated: 2025-11-11T04:11:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Бишкекте курула турган мектептин долбоору менен таанышканын МинКабдин маалымат кызматы билдирди.**

Маалымат кызматынын билдиришинче Кыргызстанда биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары боюнча макулдашууларды ишке ашыруу максатында 9 жер участогу аныкталган. 

Адылбек Касымалиев менен Алексей Оверчук борбордук мектеп курула турган жерди көрүшкөн. Аларды тиешелүү кызматкерлер жалпы аянты 3 гектар жана 1 224 орундуу окуу имаратынын долбоору менен тааныштырышкан. Долбоордун сметалык баасы 35 млн 452 миң сомду түзгөн. 

Маалыматта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарбасы министрлиги сырткы инженердик түйүндөрдү орнотуу боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жатканы да кошумчаланган.