> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте экологиялык мониторинг жүргүзүүчү лаборатория курулат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/11/11/bishkiektie-ekologhiialyk-monitoringh-zhurghuzuuchu-laboratoriia-kurulat/
- Published: 2025-11-11T08:22:49.000Z
- Updated: 2025-11-11T08:22:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк

**Жаратылыш ресурстары министрлигинин экологиялык мониторинг жүргүзүү ишинде быйыл өсүүлөр болуп, 9 ай ичинде 3440 проба алынып, 19 431 лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөнүн ведомствонун маалымат кызматы билдирди.** 

Өткөн жылдын ушул мезгилинде 1488 проба алынып, 11 240 лабораториялык изилдөө иши жүргүзүлгөн. Ошону менен пробаларды алуу 131%га, изилдөөлөрдү жүргүзүү 73%га өскөн. 

> Ошондой эле министрлик учурда заманбап экологиялык мониторинг лабораториясын куруу боюнча демилге ишке ашып жатканын билдирет. Бул үчүн Бишкекте тиешелүү жер участогу бөлүнүп, бардык юридикалык жана техникалык документтер даярдалган. 

Аталган жер участогу Манас проспектиси менен М.Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.