> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Азаттык арена" 2026-жылдын 1-августунда пайдаланууга даяр болот
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/11/20/azattyk-ariena-2026-zhyldyn-1-avghustunda-paidalanuugha-daiar-bolot/
- Published: 2025-11-20T05:00:07.000Z
- Updated: 2025-11-20T05:00:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Кызыктуу

**Кечээ президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Бишкек шаарында курулуп жаткан "Азаттык арена" стадионунун курулуш иштери менен таанышып, аткарылып жаткан иштердин сапатын текшергенин “Кабар” маалымат агенттиги жазды.** 

Туманбаевдин айтымында, курулуш бекитилген графикке ылайык жакшы темп менен жүруп жатат. 

> "Учурда бетон иштеринин 80%ы бүткөн, калган бөлүгү 10-декабрга чейин толук аяктайт. Андан кийин стадиондун конструкцияларын монтаждоо иши башталып, бул этап 15-февралга чейин жыйынтыкталат", - деди.

Туманбаев белгилегендей, стадиондо инженердик тармактар, жасалгалоо иштери, ички жана тышкы инфраструктура иштери бир мезгилде аткарылып, эч кандай кечеңдетүүлөр жок.

> "Стадиондун курамында 40 миң чарчы метр соода аянты каралган. Бул жерге дүйнөлүк бренддер жайгашат, мындай формат көп өлкөлөрдүн ареналарында да кездешпейт", - деди Туманбаев долбоордун өзгөчөлүгүн баса белгилеп жатып.

Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Каныбек Туманбаев "Азаттык арена" стадиону 2026-жылдын 1-августуна чейин толугу менен даяр болорун билдирди.