> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Каркыра жайлоосунда заманбап туристтик борбордун курулушу башталды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/11/25/karkyra-zhailoosunda-zamanbap-turisttik-borbordun-kurulushu-bashtaldy/
- Published: 2025-11-25T07:20:22.000Z
- Updated: 2025-11-25T07:20:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Кызыктуу

**Түп районунун Каркыра жайлоосунда жаңы заманбап туристтик борбордун курулушу башталганын Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан кабарлашты.** 

> Алардын айтымында, жергиликтүү ишкер өзүнүн курулуш долбоорун сунуштап, колдоо сурап кайрылган. Байкоочу кеңештин чечими менен ага үстөк пайызсыз 15 млн сом берилген. 

> Долбоорго ылайык, 200 адам баткыдай 19 корпус тургузулат. Ошол территорияда административдик имарат, ашкана, конференц-зал, көңул ачуучу зона жана медициналык пункт жайгашат. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/---------------2-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/---------------1-3.jpeg)

Фонддун билдиришинче, долбоорду ишке ашыруу жаңы жумушчу орундарын эле түзбөстөн эс алуучуларды жана чет өлкөлүк туристтерди заманбап шарттар менен да камсыз кылат. 

Каражаттардын биринчи траншы келип, курулуш иштери уланып жатканы айтылат фонддун маалыматында.