> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Азаттык арена" стадиону "Бишкек арена" деп өзгөртүлдү
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/12/02/azattyk-ariena-stadionu-bishkiek-ariena-diep-ozghortuldu/
- Published: 2025-12-02T05:06:52.000Z
- Updated: 2025-12-02T05:06:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Кызыктуу

**Бишкек шаарынын чет жакасында курулуп жаткан жаңы стадиондун аты эми “Бишкек Арена” деп өзгөртүлөрүн президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.**

> “Башында стадиондун аталышы “Азаттык Арена” деп бекитилген болчу. Бирок президент калктын пикирин эске алып, жыйын өткөрүп, көпчүлүк элдин каалоосу менен жаңы аталыш “Бишкек Арена” деп расмий түрдө өзгөртүлдү. Бул — борбор шаарыбыздын өсүшүн, биримдигин жана жаңы тарыхый доорго кадам таштаган Кыргызстанды билдирген чоң символ”, - деп жазды ал.

Курулуп жаткан жаңы стадионго “Азаттык арена” деген аталыш берилгенин президенттин иш башкаруучусу өзү быйыл кабарлаган эле.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы Ороктогу жаңы стадиондун курулушуна капсула салган. Ал үчүн айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүнүп берилген. Курулуш башталганда анын жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун экени айтылган. Кийинки жылы орундардын саны 40 миңге көбөйтүлгөнү кабарланган.

Кеңейтилген долбоорго ылайык, стадион 51 миң орундуу болот деп мерчемделген. Курулуш өзүн актап, киреше таап туруусу үчүн анын курамында 40 миң чарчы метр аянтты түзгөн коммерциялык объекттер кошула турган болду. Анда дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук бренддер жайгашары кабарланды.