> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Панфилов районундагы Верхний каналы оңдолуп жатат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/12/02/panfilov-raionundaghy-vierkhnii-kanaly-ondolup-zhatat/
- Published: 2025-12-02T10:10:09.000Z
- Updated: 2025-12-02T10:10:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Панфилов районунда жайгашкан Верхний каналы боюнча капиталдык оңдоо иштери активдүү фазада жүрүп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги сайтына жарыялады.** 

Эске салсак, 1949-жылы курулган каналдын жалпы узундугу 16,2 километрди түзүп, 2071 гектар сугат аянтын суу менен камсыз кылат. Аймактагы дыйкандар үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон каналдын натыйжалуу жана туруктуу иштеши айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн түздөн-түз жогорулатуучу маанилүү фактор болуп саналат.

> Панфилов райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан каналдын 700 метр бөлүгүнө бетон полотно төшөө пландалган.

> Бүгүнкү күндө 400 метр бетон полотносу ийгиликтүү төшөлдү. Бул агын суунун жоготууларын азайтууга, сугат тармагындагы натыйжалуулукту жогорулатууга жана дыйкандарга керектүү сууну өз убагында жеткирүүгө шарт түзөт.

Капиталдык оңдоо бүткөндөн кийин каналдагы суу жоготуулары азайып, сугат системасынын ишенимдүүлүгү жогорулары күтүлүп жатат.