> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИКтен батир алуу 2026-жылдан тарта алдыга жылат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/12/05/miktien-batir-aluu-2026-zhyldan-tarta-aldygha-zhylat/
- Published: 2025-12-05T11:28:13.000Z
- Updated: 2025-12-05T11:28:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Мамлекеттик ипотекалык компанияда (МИК) 2020-жылдан бери кезекте тургандар эмнеге үй ала албай жатканынын себебинБишкекте өткөн маалымат жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсынын калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева түшүндүрүп берди.**

Анын айтымында, 2023-2024-жылдардын ичинде МИК ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен алектенген.

“Биз биринчи батирлерибизди 2024-жылдын декабрынан тарта гана бере баштадык. 2026-жылы кезек алдыга жылат. Бишкек шаары боюнча бир нече этап менен батир берүү пландаштырылган. Тактап айтканда, Маликова көчөсү, 91 дарегиндеги “Мурас” объектисинде жалпы –2280 батир бар. Мындан тышкары, биз Волководон – 1320 батир, андан ары “Ынтымак” турак-жай комплексинин биринчи этабында – 918 батир, Тынчтыкпроспектисинен - 120 батир, Кара-Жыгач жаңы конушунан - 105 батир беребиз”, — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ал Айтматов көчөсү, 104 дарегиндеги объектиде 665 батир**,** ал эми Лев Толстой көчөсүндө 280 батир бериле турганын кошумчалаган.