> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айдоочулук күбөлүк, мамлекеттик номер, экзамендер, унааны каттоо төлөмдөрүнүн прейскуранттары кандай?
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/12/07/aidoochuluk-kuboluk-mamliekiettik-nomier-ekzamiendier-unaany-kattoo-tolomdorunun-prieiskuranttary-kandai/
- Published: 2025-12-07T09:43:02.000Z
- Updated: 2025-12-07T09:43:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк

**Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору транспортторду каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтардын прейскурантын жарыялады.** 

Маалыматка караганда, негизги операциялар 12 сомдон 800 сомго чейин, айрым кызматтар 5 211 сомго чейин турат.

***Борбордун маалыматы боюнча автотранспорт үчүн кызматтар:***

- Унааны тейлөө бөлүмүнүн аймагында кароо — 400 сом
- Унааны ошол жайында барып кароо — 800 сом
- Автотранспорт боюнча маалымат базасын түзүү (алгачкы кайрылууда) — 400 сом
- Транспорт каражатына мамлекеттик номер берүү — 300 сом
- Автомото транспортко менчик укугун каттоо же кайра каттоо (документтер менен) — 350 сом
- Менчик укугун үйгө барып каттоо — 5 211 сом
- Мамлекеттик номер белгилерин жасоо — 450 сом

Обеспечение государственным номерным знаком для транспортного средства обходится в 300 сомов, регистрация или перерегистрация прав собственности на автомототранспортные средства с выдачей правоустанавливающих документов — 350 сомов. Выездная регистрация прав собственности на автомототранспортные средства стоит 5 211 сомов, изготовление государственных номерных знаков — 450 сомов. 

***Тракторлор жана өз алдынча жүрүүчү техникалар үчүн:***

- Техниканы бөлүмдүн аймагында кароо — 350 сом
- Транспорт жана жабдуулар боюнча маалымат базасын түзүү — 400 сом
- Өздүк жүрүүчү техника үчүн мамлекеттик номер берүү — 350 сом
- Менчик укугун каттоо/кайра каттоо (документтер менен) —350 сом

***Айдоочулук экзамендер жана күбөлүктөр:***

- Теориялык экзамен — 400 сом
- Практикалык экзамен — 500 сом
- Айдоочулук күбөлүктү каттоо жана берүү — 350 сом
- Тракторчу-машинист күбөлүгүн каттоо жана берүү — 250 сом**.**

***Маалыматты ырастоо:***

- Транспорт жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча маалыматты ырастоо —283 сом
- Электрондук форматта ырастоо — 12 сом.