> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры толук жаңыланды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/12/17/b-kydykieieva-atyndaghy-tieatry-toluk-zhanylandy/
- Published: 2025-12-17T10:49:52.000Z
- Updated: 2025-12-17T10:50:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Коом

**Мындан 36 жыл илгери негизделген Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры жаңыланганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, театр 1989-жылы негизделип, 36 жыл бою өзүнүн жеке имаратысыз иштеп келген. 2024-жылы театрдын ижарага берилип келген имараты толугу менен театрдын карамагына өтүп, быйыл капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

> Жаңыланган имарат заманбап жарык, үн, механикалык жабдуулар, видеобайкоо системалары жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу орундуктар менен жабдылган. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, көрүүчүлөр жана чыгармачыл жамаат үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Театр 36 жылдык тарыхында алгач ирет толук кандуу өз имаратына ээ болуп, жаш көрүүчүлөрдүн руханий тарбиясына кызмат кылууга жаңы дем менен киришти.