> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке берилди
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/12/25/zhalal-abad-oblusunda-8-sotsialdyk-zhana-ondurushtuk-obiekt-ishkie-bierildi/
- Published: 2025-12-25T12:55:01.000Z
- Updated: 2025-12-25T12:55:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүш багытындагы объект расмий түрдө ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган иш-чара IV Элдик куралтайдын алкагында өткөрүлдү.**

Социалдык объекттердин ичинен:

- Чаткал районунда – А. Чымканаев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп, Ак-Таш айылындагы спорт зал жана Мырзалиев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп;
- Аксы районунда – №12 К. Шеркулов атындагы жалпы билим берүүчү мектеп;
- Токтогул районунда – спорт комплекси;
- Сузак районунда – Ж. Турусбеков атындагы №7 мектептин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/--.---------.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/-----------3-1.webp)

Ошондой эле өндүрүш багытындагы объекттердин ичинен Сузак районунун Барпы айылындагы "ОРИС НПЗ" ЖЧКсынын битум заводунун өндүрүшү кеңейтилип, "Маркай" көмүр кени ишке киргизилди.