> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент айылдардагы маданият үйлөрүн курууга ашыкпай турууну суранды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/12/26/priezidient-aiyldardaghy-madaniiat-uilorun-kuruugha-ashykpai-turuunu-surandy/
- Published: 2025-12-26T07:27:57.000Z
- Updated: 2025-12-26T07:27:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Президент Садыр Жапаров 26-декабрда IV Элдик курултайда айылдарда Маданият үйлөрүн курууга ашыкпоого чакырып, анын себебин алар иштебей, бош туруп калып жатканы менен түшүндүрдү.** 

Президенттин айтымында, Маданият үйлөрүн кармоо да кошумча чыгымдарды талап кылат. Мисал катары ал өзүнүн туулган Кең-Суу айылындагы Маданият үйүн келтирди.

"Аны эч ким колдонбойт. Болгону кээде гана артисттер келип, концерт коюп кетишет", — деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаровдун пикиринде, Маданият үйлөрүн райондордо куруу же оңдоо зарыл. Ошондой эле ал мектептерде ири акты залдары курулуп жатканын белгилеп, бул азыркы шартта алда канча зарыл экенин кошумчалады.

"Эмне үчүн муну айтып жатам? Азыр эле: “Аа! Сурап жатышат, анда Маданият үйүн куралы” деп башталат. Мамкурулуш, акчаны жөн эле коротпогула», — деп кайрылды президент.