> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# В Кыргызстанда 11 айда 8 614  жеке турак үй курулган
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2025/12/30/v-kyrghyzstanda-11-aida-zhalpy-aianty-1-17-mln-charchy-mietr-kielghien-8-614-zhiek-turak-ui-kurulghan/
- Published: 2025-12-30T07:19:27.000Z
- Updated: 2025-12-30T07:20:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Коом

**2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстанда жалпы аянты 1 174,7 миң чарчы метрди түзгөн 8 614 жеке турак жай пайдаланууга берилип, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 8,1%га көп болгон.** 

2025-жылдын 11 айында жеке турак жай курууга негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү, баалоо боюнча, 34 655,7 млн сомду түздү. Бул 2024-жылдын январь–ноябрь айларына салыштырмалуу 5,3%га көп.

Жеке турак жай курууга багытталган каражаттардын үлүшү өздөштүрүлгөн инвестициялардын жалпы көлөмүндө 12,2%ды түздү (2024-жылдын январь–ноябрында — 13,6%).

Жеке турак жайлардын негизги бөлүгү — 77,1%ы — Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына туура келди.

Айыл жергесинде 646,7 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилген, бул жалпы киргизилген турак жайдын көлөмүнүн 55,1%ын түзөт.