> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/01/02/obiektilierdi-ondoonun-25-7-yn-zhierghiliktuu-biudzhiet-kamsyzdaghan/
- Published: 2026-01-02T09:57:28.000Z
- Updated: 2026-01-02T09:57:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**2025-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө иштерине 16 миллиард 565,6 миллион сом сарпталганы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.**

Каржылоонун жалпы суммасынын 53,2%ын ишканалар жана уюмдар камсыз кылган. Ошондой эле каржылоо үлүшүнүн 25,7%ын – жергиликтүү бюджеттер жана 19,3%ын республикалык бюджет түзгөн.

Ал эми калган чыгымдар калктын каражаттары жана Кыргыз Республикасынын тургундарынан келген кайрымдуулук жардамдарынан, ошондой эле чет элдик гранттар жана гуманитардык жардамдардан (0,8%) жана түз чет элдик инвестициялардан (0,2%) каржыланган.