> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Декларация-2024: Президенттин кандай мүлкү бар?
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/01/09/dieklaratsiia-2024-priezidienttin-kandai-mulku-bar/
- Published: 2026-01-09T10:09:25.000Z
- Updated: 2026-01-09T10:09:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары боюнча жыйынтык маалыматтарды жарыялады.**

Берилген маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдагы кирешеси 2 млн 214 миң 482,38 сомду түзгөн. Чыгымдары декларацияда көрсөтүлгөн эмес.

Президенттин менчигинде:

- аянты 2627 чарчы метрди түзгөн бизнес-борбор;
- Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан 63 сотых айыл чарба багытындагы жер тилкеси;
- 21 сотых жер тилкеси бар.

Кыймылдуу мүлкүнөн 100 миң сомго бааланган "Жигули" үлгүсүндөгү автоунаа көрсөтүлгөн.

Ошондой эле президенттин декларациясында 1 млрд 163,5 млн сом сумма көрсөтүлгөн — бул акча каражаттарын легалдаштыруу катары белгиленген. Президенттин жакын туугандарынын бир жылдык кирешеси 29 млн 706 миң 840 сомду түзгөн.