> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы Бишкекте батирлер боюнча келишимдер 2,7%га гана өскөн
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/01/15/otkon-zhyly-bishkiektie-batirlier-boiuncha-kielishimdier-2-7-gha-ghana-oskon/
- Published: 2026-01-15T04:34:47.000Z
- Updated: 2026-01-15T04:34:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Коом

**Адистердин айтымында, Бишкек шаарында батирлерге болгон суроо-талаптын азайганы байкалган. Акыркы 5 жылдын ичинде (2021–2025-жж.) борбор калаада батир сатып алуу-сатуу боюнча келишимдердин саны кыскарып жатканы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтарында айтылат.** 

> 2025-жылы Бишкекте батирлер боюнча келишимдердин саны болгону 2,7%га гана өскөн. 2024-жылы 12 186 сатуу-сатып алуу келишими түзүлсө, былтыр 12 512 келишим түзүлгөн . Ошол эле учурда жеке турак үйлөргө болгон суроо-талап кыйла жогорулады: келишимдердин саны 23,94%га өсүп, 3 483төн 4 317ге жеткен.

> Ал эми Ош шаарында тескерисинче, кыймылсыз мүлк рыногунда активдүүлүк кыйла өскөн. 2025-жылы батирлерди сатып алуу-сатуу боюнча келишимдердин саны 48,18%га, ал эми турак үйлөр боюнча келишимдер 37,63%га көбөйдү — 465тен 640ка чейин жеткен.

Адистердин айтымында, кыймылсыз мүлк рыногу **жай кыймылдуу рынок (инерттүү)** болуп саналат жана ай сайын кескин өзгөрүүлөргө дуушар болбойт. Турак жайды сатып алуу же сатуу чечими көп убакытты талап кылат жана ар кандай факторлорго көз каранды.