> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дагы бир курулуш имаратына 200 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/01/19/daghy-bir-kurulush-imaratyna-200-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-01-19T08:34:44.000Z
- Updated: 2026-01-19T08:34:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Кечээ курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерине рейд жүргүздү.**

Рейддин алкагында Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү, 29 дарегиндеги 4 кабаттуу медициналык борбордун курулушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Имаратты долбоорлоодо жана курууда техникалык регламенттин талаптары сакталган эмес. Ошондой эле алар менен байланышкан бир нече ченемдик-укуктук актылар бузулган. Мындан улам курулуш иштерин жүргүзгөн "Палладий Групп" ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып салынып, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.