> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кинематография департаменти өз балансындагы 10 кинотеатрды ижарага берүүгө даяр
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/01/19/kiniematoghrafiia-diepartamienti-oz-balansyndaghy-10-kinotieatrdy-izharagha-bieruugho-daiar/
- Published: 2026-01-19T07:07:40.000Z
- Updated: 2026-01-19T07:07:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Бул тууралуу маданият министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, жалпы кинотеатрлардын саны 37ни түзгөн, ал эми 2024-жылдан бери 20 кинотеатр ижарага берилген.

"Эгер инвесторлор пайда болсо, биз Кинематография департаментинин карамагындагы дагы 10 кинотеатрды ижарага берүүгө даярбыз", — деди Марат Тагаев.