> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МКУ былтыр 8 млн 508 миң сом камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзгөн
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/01/19/mk/
- Published: 2026-01-19T10:26:27.000Z
- Updated: 2026-01-19T10:28:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) камсыздандыруунун негизги түрлөрү боюнча жарандарга жана юридикалык жактарга жалпысынан 8 508 695,88 сом өлчөмүндө төлөмдөрдү жүргүзгөнүн аталган уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эң чоң бөлүгү автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууга туура келет.

Төлөнгөн каражаттардын түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү:

- ОСАГО — 6 256 270 сом;
- Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу — 1 608 099 сом;
- Жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу — 644 326,88 сом.

Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр уюмдун камсыздандырылган жарандар алдындагы өз милдеттенмелерин убагында жана толук көлөмдө аткарып жаткандыгын тастыктайт.