> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 157 миң окуучуга окуу оруну жетишпейт
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/01/22/bishkiektie-157-min-okuuchugha-okuu-orunu-zhietishpieit/
- Published: 2026-01-22T08:53:57.000Z
- Updated: 2026-01-22T08:53:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында мектептердеги орун жетишсиздиги боюнча жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыктарын билдирди.**

Анын айтымында, Бишкек шаарында жалпысынан 120 мектеп бар. Алардын долбоордук кубаттуулугу 104 миң 117 орунду түзөт, ал эми окуучулардын жалпы саны 261 миң 107 бала.

Ошондой эле ал борбор калаанын райондору боюнча көрсөткүчтөрдү келтирди:

Свердлов району — 35 мектеп, долбоордук кубаттуулугу 29 миң 732 орун, окуучулардын саны 66 миң 747;  
Биринчи Май району — 27 мектеп, долбоордук кубаттуулугу 20 миң 962 орун, окуучулардын саны 58 миң 085;  
Ленин району — 36 мектеп, долбоордук кубаттуулугу 30 миң 402 орун, окуучулардын саны 91 миң 487;  
Октябрь району — 22 мектеп, долбоордук кубаттуулугу 23 миң 021 орун, окуучулардын саны 44 миң 788.

Бул маалыматтар Бишкек шаарында 14 мектептин курулушу үчүн насыя алуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоонун алкагында айтылды.