> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Бишкекте 14 мектеп курулат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/01/22/byiyl-bishkiektie-14-miektiep-kurulat/
- Published: 2026-01-22T09:10:13.000Z
- Updated: 2026-01-22T09:10:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Саудия өнүктүрүү фондунун 50 млн доллар өлчөмүндөгү насыянын эсебинен 14 билим берүү имараты куруларын Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, жаңы мектептер жана кошумча корпустар курула турган жерлер аныкталган.

**Бишкек шаарында курулуучу мектептер:**

Биримдик Кут турак жай массивинде — 750 орундуу мектеп;  
Алтын Ордо турак жай массивинде — 750 орундуу мектеп;  
Новопавловка айылындагы 100 гектарлык участокто — 750 орундуу мектеп;  
Орто-Сай айылында — 750 орундуу мектеп;  
Улан кичи районунда — 750 орундуу мектеп;  
Келечек турак жай массивинде — 360 орундуу мектеп;  
Аламедин-1 кичи районунда (№38 мектеп) — 450 орундуу кошумча корпус;  
Ала-Тоо турак жай массивинде — 1000 орундуу мектеп;  
11-кичи райондо (№63 мектеп) — 360 орундуу кошумча корпус;  
Койбагаров көчөсүндө (№26 мектеп) — 360 орундуу кошумча корпус;  
Касым турак жай массивинде (№83 мектеп) — 650 орундуу мектеп;  
Маевка айылында — 275 орундуу мектеп.

**Чүй облусунда курулуучу мектептер:**

Ысык-Ата жана Аламедин райондорунда — ар биринде бирден мектеп курулат.

Талантбек Иманакун уулунун маалыматына караганда, долбоорду ишке ашыруу 2026-жылы башталып, 2029-жылы жыйынтыкталат. Анын ичинде 2 жыл курулушка, 1 жыл кепилдик мөөнөткө каралган.