> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен турак жайларды пайдаланууга берүү боюнча 2-орунда турат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/01/26/kyrghyzstan-ieaebdieghi-olkolordun-ichinien-turak-zhailardy-paidalanuugha-bieruu-boiuncha-2-orunda-turat/
- Published: 2026-01-26T04:35:33.000Z
- Updated: 2026-01-26T04:35:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 1 млн 491,4 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди.** 

Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 31,4%га жогору болгонун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) статистика департаментинин маалыматы күбөлөндүрөт.

> Кыргызстандагы өсүш Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичиндеги эң байкаларлыктардын бири болду. Мындан жогору көрсөткүч бир гана Арменияда катталып, анда турак жайды пайдаланууга берүү 73,2%га өскөн. Салыштыруу үчүн айтсак, Беларусь өлкөсүндө бул көрсөткүч 7,8%га, Казакстанда 3,9%га өскөн, ал эми Россияда турак жай курулушунун көлөмү 2,4%га азайган.

Жалпысынан алганда, ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2025-жылдын январь–ноябрь айларында пайдаланууга берилген турак жайдын жалпы көлөмү 115 млн 158,7 миң чарчы метрди түзүп, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 0,3%га аз болду. Бул төмөндөө негизинен Россиядагы көрсөткүчтүн кыскарышы менен байланыштуу.