> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сузакта эски аба майданы мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/01/27/suzakta-eski-aba-maidany-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-01-27T09:32:08.000Z
- Updated: 2026-01-27T09:32:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Сузак районунда 12,8 гектар аянтты ээлеген аба майданы мамлекетке кайтарылганын УКМКдан билдиришти.**

Тагыраагы Сузак районундагы "Плодородие" бирикмесине тиешелүү стратегиялык аэродром реформалар учурунда коррупциялык схемалар менен жеке менчикке өтүп кеткен.

2003-жылы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. мыйзам бузуу менен аталган тилкени өзүнүн жакын тууганы М.С.га өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгарган.

Бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аянты 12,8 гектар болгон көрсөтүлгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

> "Учурда УКМК мурда айыл чарба химия системасынын ишканаларына тиешелүү болгон бардык жерлердин мыйзамдуулугун комплекстүү текшерип жатат, анын жыйынтыгы менен мыйзамдын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт",-деп айтылат маалыматта.