> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте айрым айыл чарба жерлерин курулушка берилет
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/01/30/bishkiektie-airym-aiyl-charba-zhierlierin-kurulushka-bieriliet/
- Published: 2026-01-30T08:06:54.000Z
- Updated: 2026-01-30T08:06:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Бүгүн "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров 2050-жылга чейин Башкы план долбоорун талкуулап жатып, айрым айыл чарба жерлерин курулушка берүү боюнча маалымат берди.**

Депутат Эркеайым Сейтказиева Башкы пландын шаардын аймагын кеңейтүү жана административдик-территориялык реформаларды эске алуу менен иштелип чыкканын жана айыл чарба жана тоо-чарба жайыттарынын статусу кандай экенин тактоону суранган.

> Вице-мэрдин айтымында, Башкы план долбоору боюнча коомдук угуулар өткөрүлгөн. "Долбоорго ылайык, айрым айыл чарба жерлери курулушка берилет. Мисалы, Орок айылынын аймагындагы "Бишкек Сити Центр" долбоору жана "Тунгуч" аймагында курулуш үчүн", — деди Азамат Кадыров.

Ошондой эле ал бардык акимдиктерде айыл чарба жерлерин башкаруу үчүн атайын бөлүмдөр түзүлөөрүн жана бул жерлерди көзөмөлдөй турган вице-акимдин кызмат орду киргизилээрин билдирди.