> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэриясынын жаңы имараты курулуп баштайт
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/03/bishkiek-meriiasynyn-zhany-imaraty-kurulup-bashtait/
- Published: 2026-02-03T13:32:40.000Z
- Updated: 2026-02-03T13:32:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Бишкек шаарынын мэриясы үчүн жаңы имараттын курулушу 2026-жылдын ичинде башталышы пландалып жатканы Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек" жана "Жаңы Күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында белгилүү болду. Курулуш тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров ырастады.**

Бул маселе боюнча суроону Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек" фракциясынан депутаты Эльмир Досалиев көтөрүп, мэриянын арт жагында жайгашкан жаңы имараттын курулушу качан башталарын тактады.

Вице-мэрдин айтымында, мэрия өзүнө жаңы имарат курууну пландап келет. Долбоор 2020-жылы эле иштелип чыккан, бирок учурда ага өзгөртүүлөр киргизилип, кубаттуулугу кеңейтилүүдө.

> "Корректировкалоо иштери аяктагандан кийин, болжол менен ушул жуманын аягында курулуш иштерин баштоо пландалууда. Имарат эки жер төлө кабаттан туруп, анда унаа токтотуучу жай (паркинг) каралат", — деди Азамат Кадыров.

Эске салсак, буга чейин мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жаңы муниципалдык имарат азыркы мэриянын Киев көчөсү, 7 дареги боюнча арт жагында жайгашкан унаа токтотуучу жайдын ордуна куруларын билдирген. Учурда бул жай иштебейт.