> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин Түндүк айланма жолундагы объекттерди бузуу уланып жатат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/03/bishkiektin-tunduk-ailanma-zholundaghy-obiekttierdi-buzuu-ulanyp-zhatat/
- Published: 2026-02-03T10:47:32.000Z
- Updated: 2026-02-03T10:47:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун аймагында Түндүк айланма жолунун курулушуна байланыштуу объекттерди бузуу иштери уланууда.**

> Биринчи Май районунун акиминин орун басары Азиз Байысов билдиргендей, "Маёвка" кафеси, ашкана, пилорама жана Red Petroleum май куюучу бекети туш келди. Бул объекттер Жаш Гвардия — Айланма көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

> Мындан тышкары, Пригородное айылында жайгашкан тосмолор, кошумча курулуштар жана башка объекттер да бузулду.

"Бул объекттер жайгашкан жер тилкелери мурда ижарага берилген. Учурда шаар мэриясы ижарага берүү тууралуу чечимди жокко чыгарды", — деди Байысов.

Анын айтымында, 2025-жылы "Тулпар" базарынан Калыс-Ордо бурулушуна чейинки тилкеде болжол менен 200дөй объект демонтаждалган. Ошондой эле 10 турак жай үйү да бузулган.

"Бул үйлөрдүн ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан турак жай берилди. Азыр дагы 7 үй боюнча турак жай берүү иштери жүрүп жатат.

Жалпысынан компенсациялоо жана көчүрүү саясатынын алкагында 17 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Аймакты бошотуу жана объекттерди бузуу иштери азыркы учурда да уланууда", — деп түшүндүрдү Азиз Байысов.