> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто Даун синдрому бар балдарга ресурстук борбор ачылды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/03/oshto-daun-sindromu-bar-baldargha-riesurstuk-borbor-achyldy/
- Published: 2026-02-03T12:45:31.000Z
- Updated: 2026-02-03T12:45:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Коом

**Ош шаарында Даун синдрому бар балдарды коомго аралаштыруу жана ата-энелерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында көп функционалдуу күндүзгү ресурстук борбор ачылды.**

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган.

> Учурда "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фондуна Кыргызстандын түштүк аймактары боюнча 300дөн ашуун ата-эне катталып, алардын ичинен 70и Ош шаарынын тургундары болуп саналат.

Ош шаарынын мэриясы "Сантерра-Юг" кайрымдуулук фондуна Амир-Тимур көчөсүнөн 200 чарчы метрлик имаратты 5 жылга ижарага берди. Учурда бул фонд түштүк аймагындагы 300дөн ашык ата-энеге жана алардын балдарына социалдык-психологиялык жардам көрсөтүп келет.