> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте бош жер тилкелеринин санариптик реестри түзүлөт
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/04/bishkiektie-bosh-zhier-tilkielierinin-sanariptik-rieiestri-tuzulot/
- Published: 2026-02-04T03:15:46.000Z
- Updated: 2026-02-04T03:15:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында бош жер тилкелеринин санариптик реестри түзүлөрүн Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында биринчи вице-мэр Мирлан Байгончоков билдирди.**

Анын айтымында, учурда муниципалитетте тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат жана шаардын аймагын толугу менен санариптештирүү пландалууда.

"Биз кайсы жер тилкелери ижарада экенин, кайсылары бош экенин так көрсөтүп, элге маалымат бере алабыз", — деди ал.

Ошондой эле Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров "Эмгек" жана "Жаңы Күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында кошулган аймактарды өнүктүрүүгө 49 миллиард сом багыттала турганын маалымдады.