> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Борбор калаадагы көрүстөндөр тууралуу маалыматтар санариптештирилет
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/04/borbor-kalaadaghy-korustondor-tuuraluu-maalymattar-sanariptieshtiriliet/
- Published: 2026-02-04T12:18:17.000Z
- Updated: 2026-02-04T12:18:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**4-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев борбор калаадагы көрүстөндөр тууралуу маалыматтарды санариптештирүү пландары жөнүндө айтып берди.**

Анын айтымында, борбор жерге берилген адамдардын саны, бош орундардын бар-жогу, жарандардын кайрылуулары жана көрсөтүлгөн кызматтар боюнча маалыматтарды санарип форматка өткөрүүнү пландоодо. Бул маалыматтардын бардыгы ачык жеткиликтүү болгон санариптик картага жайгаштырылат.

Ошондой эле Ж. Жумалиев МинКабдын көрүстөндөрдөгү мүрзөлөрдү брондоо тутуму тууралуу токтому бар экенин айтып, аны "Санариптик технологиялар борбору" электрондук форматта ишке киргизүүнү көздөп жатканын билдирди.