> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Эмаком" курулуш компаниясы банкрот болгон – Нурдан Орунтаев
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/05/69842cddf8aa9c00018fbcd6/
- Published: 2026-02-05T05:44:29.000Z
- Updated: 2026-02-05T05:44:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Депутат Азамат Исираилов 2026-жылдын 5-февралында Жогорку Кеңештин жыйынында Ош шаарындагы "Эмаком" курулуш компаниясына таандык көп кабаттуу үйдө жылуулук жоктугун билдирди.** **Ал белгилегендей, киргизилген чектөөлөргө байланыштуу адамдар электр шаймандарын колдонууга да мүмкүнчүлүк алышпай жатышат.**

Депутат тургундарга документтер боюнча жардам көрсөтүүнү сурады. Бул боюнча курулуш министри Нурдан Орунтаев "Эмаком" компаниясы учурда банкрот болуп калганын айтты.

> "Алардын акчасы жок жана Ош менен Бишкектеги объекттери көйгөй жаратууда. Объекттердин жарымы бүткөрүлгөн, жарымы болсо — жок", — деди министр.

> Орунтаев бүткөрүлгөн объекттерди пайдаланууга берүү маселесин чечүүгө аракет жасап жатканын кошумчалады.

"Жакын арада дагы жаңылыктар болот, бирок анан маалымат беребиз", — деп убада берди ал. Министр күмөндүү курулуш компанияларынан батир сатып албоого чакырды.