> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/05/bishkiektie-zhozhdordu-bashka-shaarlargha-kochuruu-masieliesi-kotoruldu/
- Published: 2026-02-05T11:36:35.000Z
- Updated: 2026-02-05T11:36:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Пикир

**Депутат Илимбек Кубанычбеков Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларын жакынкы шаарларга көчүрүүнү сунуштады.**

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар борбор калаадагы жол тыгындары маселесин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө Илимбек Кубанычбеков бул көйгөйдү чечүүгө багытталган бир катар сунуштарды ортого салды.

> Анын айтымында, автоунааларды реэкспорттоо жана каттоо менен алектенген ишканаларды шаардын сыртына — мисалы, Токмок же Кара-Балта шаарларына көчүрүүгө болот. Бул да Бишкектеги тыгындардын деңгээлин белгилүү бир деңгээлде азайтмак.

"Ошондой эле ири университеттерди Токмокко же Кара-Балтага көчүрсө болот. Студенттердин бул шаарларга келиши алардын экономикасына жана инфраструктурасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизмек", — деди депутат.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиев депутаттын бул сунушун колдоп, МинКаб программаларын иштеп чыгууда бул маселени изилдеп көрүүгө убада берди.