> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги 4 райондук КТБ бирдиктүү  технологиялык борбор болот
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/09/bishkiektieghi-4-raionduk-ktb-birdiktuu-tiekhnologhiialyk-borbor-bolot/
- Published: 2026-02-09T13:48:33.000Z
- Updated: 2026-02-09T13:48:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**"Кызмат" мамлекеттик уюмунда 2025-жылдын жыйынтыктары боюнча кеңешме өткөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалыматка караганда, жарандарга 3,9 млн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлгөн, анын ичинен 500 миңдей кызмат онлайн форматта берилген.

Эң көп жүктөлгөн борбор катары Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу 01-01 КТБ белгиленген.

Басма сөз кызматы атап өткөндөй, борбордук КТБлардагы жүктөмдү азайтуу, инфраструктураны модернизациялоо жана санариптештирүүнү жакшыртуу максатында Бишкектеги төрт чоң КТБны бирдиктүү технологиялык мамлекеттик кызмат борбору болуп бириктирилет.

> "Кызмат" мамлекеттик башкармалыгынын директору Азамат Жапаров борбордун жаңы заманбап имаратынын долбоорун тааныштырды. Анын курулушу борбордун батыш тарабында, Орок районунда жүргүзүлүп жатат. Жаңы борбор күнүгө 5 миң адамды кабыл алууга жөндөмдүү деп болжолдонууда.

2026-жылы портал жана мобилдик тиркеме аркылуу жаңы онлайн-сервистер киргизилиши пландалууда, алардын ичинде:

- жалпы жарандык паспортту алмаштыруу;
- никеге туруу жана никени бузуу боюнча арыз берүү;
- жашаган жерден маалымкат алуу;
- азыркы онлайн кызматтарды оптимизациялоо.

Бул чаралар жарандарга КТБга барбастан, онлайн форматта кызмат алууга мүмкүнчүлүк берет, бул сервистин ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн кескин жогорулатат.