> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/09/kyrman-zhany-konushundaghylar-emi-kyzyl-kitiep-alyshat/
- Published: 2026-02-09T11:31:27.000Z
- Updated: 2026-02-09T11:31:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Коом

**Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилиги Кырман турак жай массивинин тургундарына жер амнистиясынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тууралуу токтомдорду тапшырды.**

70тен ашуун жаран керектүү документтерди алып, көп жылдан бери чечилбей келген жер маселелерин юридикалык жактан тартипке салууга мүмкүнчүлүк алышты.

Акимчиликте белгилешкендей, Кырман турак жай массивинин жашоочулары **20 жылдан бери** жерге менчик укугун тастыктаган "кызыл китептерди" ала албай келишкен.