> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып  пул салынды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/09/talast/
- Published: 2026-02-09T13:35:00.000Z
- Updated: 2026-02-09T13:34:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Талас облусунда жаңы соода борбору жана мейманкана курууда мыйзам бузуулар аныкталганын Курулуш министрлиги билдирди.**

Анын маалыматына караганда, Мамлекеттик архитектура жана курулуш көзөмөл департаментинин регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Туралдиева көчөсү, 183а дарегиндеги объекттерге пландан тышкары текшерүүлөрдү өткөрүшкөн.

> Текшерүүдө курулуш талаасында коопсуздук эрежелери сакталбаганы жана техникалык регламенттердин бузулушу катталган. Натыйжада "Алтын Казык Курулуш Кей Джи" компаниясына протокол түзүлүп, куруучуларга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Министрлик билдиргендей, рейддик текшерүүлөр эл аралык деңгээлде уланууда. Муну менен курулуш сапатын көзөмөлдөө жана курулушчу тарабынан милдеттүү нормалардын аткарылышын камсыз кылуу максат кылынууда.