> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта менчиктештирилип кеткен стратегиялык объекттер мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/09/talasta-mienchiktieshtirilip-kietkien-stratieghiialyk-obiekttier-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-02-09T09:20:23.000Z
- Updated: 2026-02-09T09:20:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Коом

**Талас облусунда калкты суу менен камсыз кылуучу маанилүү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнүн УКМКдан билдирди.**

Маалыматка ылайык, 2003-жылы "Тобой" коомдук бирикмесинин жетекчиси С.Т.Д. айрым мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, элге керек болгон суу алуучу жайларды мыйзамсыз түрдө өз уюмунун балансына өткөрүп алган.

> Ал кызматтык абалынан пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен "В" категориясына кирген стратегиялык объекттерди мыйзамсыз менчиктештирген. Кийин бул объекттерге тиешелүү болгон, жалпы баасы 36 млн 415 миң 400 сомду түзгөн, инфраструктурасы бар 1,7 гектар, 0,68 гектар жана 1 гектар жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп жиберген.

"Тергөө иштеринин жыйынтыгында, бул объекттер толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды",-деп айтылат маалыматта.