> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тамчы айылындагы 1,5 гектарлык унаа короосу  курулуштары менен мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/09/tamchy-aiylyndaghy-1-5-ghiektarlyk-unaa-koroosu-kurulushtary-mienien-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-02-09T09:27:26.000Z
- Updated: 2026-02-09T09:27:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Тамчы айылында жайгашкан Айыл чарба министрлигине караштуу машина короосун мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.**

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2000–2004-жылдары аталган кыймылсыз мүлк милдеттүү конкурс өткөрүлбөстөн үчүнчү жактарга сатылган. Бул Кыргыз Республикасынын "Совхоздорду жана башка мамлекеттик (муниципалдык) айыл чарба ишканаларын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө" жобосунун талаптарын бузат.

> Текшерүүнүн жыйынтыгында жер тилкеси жана имараттар менчиктештирүү жол-жоболору бузулуп, мамлекеттик менчиктен чыгарылганы аныкталган. Иликтөөнүн негизинде 1,5 гектар аянттагы жер тилкеси бардык курулуштары менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМКда мыйзамсыз менчиктештирүү схемаларын токтотуу боюнча иштер улантылып жатканын, ошондой эле мамлекеттик уюмдардын башка объектилери боюнча да ушундай текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын белгилешти.