> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 14 кабаттуу турак жай имаратынын курулушу токтотулду
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/10/bishkiektie-14-kabattuu-turak-zhai-imaratynyn-kurulushu-toktotuldu/
- Published: 2026-02-10T10:34:10.000Z
- Updated: 2026-02-10T10:34:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен №61 мектептин жанындагы курулуш иштери убактылуу токтотулуп, курулушка байланыштуу укук берүүчү документтер кайтарылып алынганын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Буга чейин социалдык тармактарда №61 мектептин жанында 14 кабаттуу турак жай имараты курулуп жатканы тууралуу жарандардын видео кайрылуусу тараган.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар курулуштун мыйзамдуулугун, ошондой эле балдардын коопсуздугу камсыздалып жатканын текшерүү максатында кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат.