> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 29 миң бала бакчалар кезегинде турат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/10/bishkiektie-29-min-bala-bala-bakchalar-kiezieghindie-turat/
- Published: 2026-02-10T06:15:32.000Z
- Updated: 2026-02-10T07:36:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Коом

**Бишкек шаарындагы бала бакчаларга 36 миңден ашуун бала барып жатканын Агартуу министрлигинин коллегиясында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.**

Анын айтымында, учурда 29 миң бала кезекте турат.

"Акыркы беш жылдын ичинде Бишкек шаарында 26 бала бакча ачылды. Алардын 18и — жаңы курулган бала бакчалар, ал эми 8и мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттары. Бул объектилер УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылып, андан кийин максаттуу пайдалануу үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү", — деди мэр.

---

*Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [*Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)*,* [*Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)*,* [*Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)*,* [*Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) *жана* [*Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*