> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Бишкек, Ош, Манас шаарларында 36 мектеп ишке берилет
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/10/byiyl-bishkiek-osh-manas-shaarlarynda-36-miektiep-ishkie-bieriliet/
- Published: 2026-02-10T04:39:13.000Z
- Updated: 2026-02-10T04:39:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Кыргызстанда президенттин тапшырмасы менен мектептер курулуп жатканын Агартуу министрлигинин коллегиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билдирди.**

Анын айтымында, Бишкек шаарында 20 мектеп, Ош шаарында 10 мектеп, Манас шаарында 6 мектеп курулууда.

"Бул объектилерди 1-сентябрга чейин бүтүрүү пландалган болчу, бирок курулуш иштери бир аз кечигип башталды. Азыр аларды октябрь–ноябрь айларында бүтүрүү пландалууда", — деп кошумчалады Байсалов.