> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 100 жыл мурун курулган мектептин ордуна жаңысы курулат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/11/oshto-100-zhyl-murun-kurulghan-miektieptin-orduna-zhanysy-kurulat/
- Published: 2026-02-11T08:18:10.000Z
- Updated: 2026-02-11T08:18:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Ош шаарындагы 100 жыл мурун курулган №3 М.В.Ломоносов мектебинин эски имараты буздурулуп, ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп салынат.**

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен каралып, курулуш иштерин 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/634111594_1411.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

> Белгилей кетсек, эски мектеп 1926-жылы курулган, учурда авариялык абалда. Бүгүнкү күндө мектепти бузуу иштери башталды.