> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кадамжай районунда 20 гектар жайыт жер иштетүүгө берилди
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/12/kadamzhai-raionunda-20-ghiektar-zhier-zhaiyt-zhier-ishtietuugho-bierildi/
- Published: 2026-02-12T05:47:38.000Z
- Updated: 2026-02-12T08:03:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Кызыктуу

**Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылында Т. Жалиловго айыл чарба багытындагы асылдуулугу төмөн жайыт жерлерден МинКабдын 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтомуна ылайык, 20 га жер аянты бак тигүү үчүн берилди.** 

Жер жайыт түрүнөн көп жылдык бактар жер аянтына которулуп 19 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.

> Учурда пайдаланууга берилген жердин 6,5 га аянтына эрте бышуучу (25–30-апрелде), үчүнчү жылы 1 га жерден 8 тонна түшүм берүүчү өрүктүн жаңы сорттору — Микадо, Жебасред отургузулган. 

> Ошондой эле 6,5 га жер аянтына бешинчи жылы 1 га жерден 10 тонна түшүм берүүчү гиластын Грейстар, Свид Ариана жаңы сорттору тигилген.