> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарынын эски базарынын орду маданий аянтча болот
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/20/osh-shaarynyn-eski-bazarynyn-ordu-madanii-aiantcha-bolot/
- Published: 2026-02-20T09:10:02.000Z
- Updated: 2026-02-20T09:10:01.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Ош шаарында жаңы мэр Жанарбек Акаев мурда эски базар жайгашкан аймактын келечеги тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, бул жерге базар кайра кайтарылбайт — чечим биротоло кабыл алынган.**

Акаев шаар бийлиги бул аймакты кайрадан башаламан соода жайына айлантууга жол бербей турганын баса белгиледи.

 "Бул жерде эч кандай базар болбойт. Кийим-кече соодасы да, эски базар да кайтып келбейт. Базар көчүрүлгөн, кайра келбейт. Бул аймакты кайрадан базарга айландырууга жол бербейбиз", — деди мэр.

Анын айтымында, базардын ордуна аймак туристтерге жана кол өнөрчүлөргө багытталган чакан, заманбап мейкиндикке айландырылат.

> "Бул жерде биздин усталар үчүн гана чакан аймак болот. Туристтер басып өтүп, көрүп, буюм сатып ала алышат. Бул соода эмес, маданий аянтча болот. Заманбап, тыкан жана ыңгайлуу", — деди Акаев.

Мэриядан билдиришкендей, долбоор учурда талкууланып жатат. Негизги максат — шаардын туристтик инфраструктурасына шайкеш келген таза жана көрктөндүрүлгөн мейкиндик түзүү.