> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 24-февралда масштабдуу суу өчүрүү болот
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/23/bishkiektie-24-fievralda-masshtabduu-suu-ochuruu-bolot/
- Published: 2026-02-23T03:44:05.000Z
- Updated: 2026-02-23T03:44:05.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Бишкек шаарында 24-февралда ичүүчү суу кеңири масштабда өчүрүлөрүн Бишкек мэриясы билдирди.**

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, ошондой эле өндүрүштүк жана социалдык-тиричилик объекттерине суу берилбейт.

> Өчүрүү аймагы: Октябрьская көчөсү — ВБЧК — Аламүдүн дарыясы — Путепроводная көчөсү.

"Бишкексууканал"муниципалдык ишканасы билдиргендей, чектөө ХБО суу алуучу жайындагы авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу.

Коммуналдык кызмат шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда алдын ала суу камдап алууну өтүндү.