> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан, Кыргызстан элчиликтери эки өлкөдөгү имараттарды бекер пайдаланышат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/23/kazakstan-kyrghyzstan-elchiliktieri-eki-olkodoghu-imarattardy-biekier-paidalanyshat/
- Published: 2026-02-23T04:56:30.000Z
- Updated: 2026-02-23T04:56:30.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, #Жаңылыктар

**Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин, ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы элчисинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин резиденцияларынын муктаждыктары үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттарды жана жер участокторун өз ара акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамына кол койду.** 

Мыйзам жогоруда белгиленген макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган. 

Макулдашууга ылайык эми Кыргызстандын Казакстандагы жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиликтеринин, ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилеринин резиденцияларынын муктаждыктары үчүн берилген Бишкек шаарында жана Астана шаарындагы имараттар жана жер участоктору өз ара акысыз пайдаланылат.