> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/23/oriiental-kafiesinin-zhanyndaghy-kurulush-diemontazhdalat/
- Published: 2026-02-23T13:35:58.000Z
- Updated: 2026-02-23T13:35:57.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Бизнес

**Жер пайдалануу жана көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖПКБ) Бишкектеги "Ориентал" кафесинин жанындагы курулушун демонтаждаларын билдирди.**

Кафе жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан жана мамлекеттик акт боюнча С.Каралаев көчөсү, 45 дарегинде катталган.

ЖПКБнын маалыматына ылайык, кафенин чыгыш тарабында жеке менчиктен тышкары, муниципалдык жерге уруксат документтери жок курулуш жүргүзүлүп, Аламүдүн дарыясынын үстүнө кошумча курулуш салынган. Анын өлчөмү: туурасы 9 метр, узундугу 27 метр.

> "Кафе ээси кошумча курулушту ыктыярдуу түрдө демонтаждоо тууралуу кат менен эскертилди. Жооп катары "Ориентал" ЖЧКсынын жалпы директору Гасанов М.И. ЖПКБга 2024-жылдагы муниципалдык жер тилкесин колдонуу үчүн 330 000 сом төлөм квитанциясын көрсөткөн, — деп билдиришти башкармалыкта.

Ошондой эле объекттин ээси курулушту ыктыярдуу демонтаждоо боюнча кепилдик берген жана азыр ал ишке ашырылып жатат.