> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарында 6 мектептин курулушу башталды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/25/manas-shaarynda-6-miektieptin-kurulushu-bashtaldy/
- Published: 2026-02-25T07:40:57.000Z
- Updated: 2026-02-25T07:40:57.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Экономика

**Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.**

Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында - 20, Ош шаарында - 10 жана Манас шаарында - 6 жаңы мектептин курулушу пландалган.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курула турган социалдык объекттердин долбоорлору менен таанышып, тиешелүү тараптар менен жыйын өткөрдү.

Манас шаарында курулушу башталган мектептердин жана кошумча корпустардын тизмеси:

1. Ак-Тилек кичи районундагы Достук көчөсү, 25/2 дарегинде 375 орундуу жаңы мектеп;
2. Г. Мамбеталиев көчөсүндө 650 орундуу жаңы мектеп;
3. Чолок-Терек айылынын А. Керимбеков көчөсү, 167 дарегинде 275 орундуу жаңы мектеп;
4. Спутник кичи районунун Р. Азизов көчөсү, 13 дарегинде жайгашкан мектепке 650 орундуу кошумча корпус;
5. №5 Б. Осмонов атындагы орто мектепке (Л. Фурманов көчөсү, 5) 275 орундуу кошумча корпус;
6. №21 Ж. Болотов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус.