> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте үйүнөн ажыраган 8 жаранга 1 млн сомдон камсыздандыруу берилди
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/02/26/bishkiektie-uiunon-azhyraghan-8-zharangha-1-mln-somdon-kamsyzdandyruu-bierildi/
- Published: 2026-02-26T11:25:39.000Z
- Updated: 2026-02-26T11:25:38.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Бишкек шаардык мэриясында мамлекеттик камсыздандыруу аркылуу турак жайынан ажыраган тургундар менен жолугушуу өттү. Маалыматка ылайык, бүгүн сегиз жаранга жоготкон турак жайы үчүн камсыздандыруу төлөмү катары 1 миллион сомдон берилди.**

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдиргендей, Бишкек шаарында камсыздандыруу менен камтуу көрсөткүчү 25%га жетти. Бирок бул үлүштү дагы көбөйтүү зарыл, анткени кырсык күтүүсүздөн болот.

"Мындан пайдаланып, бардык жарандарды үйлөрүн, автоунааларын жана башка мүлкүн камсыздандырууга чакырабыз", — дешти уюмдун өкүлдөрү.

Мекемеде белгилешкендей, мамлекеттик камсыздандыруу өзгөчө кырдаалга кабылган жарандардын чыгымын ыкчам түрдө калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берген жалгыз механизм болуп эсептелет.