> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусунда турак жайды камсыздандыруу  1,4%га өстү
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/04/batkien-oblusunda-turak-zhaidy-kamsyzdandyruu-1-4-gha-ostu/
- Published: 2026-03-04T08:29:57.000Z
- Updated: 2026-03-04T08:29:57.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Саясат

**Баткен облусунда турак жайын камсыздандыргандардын саны 1,4%га жогорулаганын "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткен филиалынын директору Жайлообек Жакшылыков билдирди.**

> Директор белгилегендей, жыл башынан бери турак жайы зыянга учураган 4 жаранга 489 миң сом төлөнүп берилди. Ал эми 2025-жылы облуста 13 жаранга жалпы 1 млн 636 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилген.

"Облус аймагында турак жайын камсыздандырган жарандардын саны жылдан жылга өсүүдө. 2026-жылдын көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4% жогору. Бул багытта уюм облустагы 3 район менен 3 шаарда жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андан сырткары, филиалдын кызматкерлери жер-жерлерге барып окууларды, бекитилген медиа пландын негизинде иш-чараларды уюштурууда. Ал эми бул иштер жарандардын камсыздандыруу маданиятын жогорулатууга жана мүлктү коргоо деңгээлин арттырууга багытталган", - деп белгиледи Жакшылыков.