> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды
- URL: https://im.kg/kyimylsyz-mulk/2026/03/04/narynda-byiyl-2-443-turak-zhai-kamsyzdandyryldy/
- Published: 2026-03-04T05:37:43.000Z
- Updated: 2026-03-04T05:37:43.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кыймылсыз мүлк, Коом

**Нарын облусунда жыл башынан бери 2 миң 443 турак жай камсыздандырылып, 1 жаранга 308 миң 974 сомдук кенемте төлөнүп берилгенин "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директорунун орун басары Нурсултан Мамытов билдирди.**

Анын айтымында, аймакта турак жайын камсыздандыргандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.

> "Бул көрсөткүчтү мындан дагы көбөйтүү үчүн филиал тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери, социалдык тармактар жана ЖМКлар аркылуу жарнамалык роликтер, маалымат баракчалары таратылууда. Ал эми 2025-жылы Нарында 16 миң 278 турак жай камсыздандырылган. Анын ичинен 48 турак жайга 1 млн 158 миң сом акча каражаты төлөнүп берилген", - деди орун басар.